"РИА Новости" агенттигинин маалыматына караганда, алардын бешөө кыргызстандык экени аныкталды.
Мындан тышкары кармалгандардын 14 Азербайжан, 7 Индонезия, 5 Ирак, 3 Иран, 2 Тажикстан жана 2 Ооганстан жарандары. Алардын 10у аялдар, 15и балдар.
Колго түшкөндөрдүн баары тиешелүү документтер толтурулгандан кийин андан ары депортация кылуу үчүн Миграция кызматына өткөрүлүп берилди.