«Америка добушу» үналгысынын маалыматында сатып алуучунун аты ачык айтылган эмес.
Аны“Beatles” тобунун эң негизги тарыхый аспабы катары эсептесе болот.
Julien's аукционунун уюштуруучуларынын маалыматына ылайык, гитара 1963-жылы Лондондо жайгашкан Финсбери сейил багында Beatles тобунун концертинен кийин жоголуп, жарым кылымга чейин табылбай келген.АлЖон Леннондун тарыхында сейрек жана өтө маанилүү гитара болчу.
Леннон менен Жорж Харрисон 1962-жылы Gibson компаниясынанокшош гитара сатып алышкан. Алар Америкага Англиядан атайын буюртма менен алып келинип, сатыкка чыккан номурлары аркылуу гана айырмаланган. Леннон өзүнүн аспабын 1962-1963-жылдары көптөгөн ырларды жаздырыш үчүн колдонгон.