Ссылки доступа

Кетүүгө аракеттенген Сирияга өзбек жарандары кармалды


12news.uz агенттиги Өзбекстандын күч органдарындагы булактарга таянуу менен, өзбек жарандардын тобу «Жаннат ошиклари» («Любящие рай») деп аталган Сириядагы экстремистик топко кошулууну көздөгөнүн жарыялады. Алардын так саны белгисиз.

«Жаннат ошиклари» же «Таухид валь-Жихад» (ТВД)тобу Алеппо аймагында жайгашкан, анын мүчөлөрүнүн көбү этникалык өзбектер. Жакында аталган топ «Ал-Каида» террористик кыймылынын катарына кошулганын жар салган.

Өзбек ММКлары кабарлагандай, мучөлөрү акыркы топтун убакытта өлкөнүн жарандарын өзкатарына тартуу үчүн болгон аракеттерин жумшай баштаганы байкалып жатат.

12news.uz агенттиги кармалган өзбек жарандар Кыргызстандык санаалаштардан көрсөтмө алып турушканын да жазып чыкты. Бул тууралуу бирокмаалымат тактала элек.

Март айында Кыргызстанда ТВД, "Ислам мамлекети", "Фронт Ал-Нусра", "Имам Бухари Жамаат" террористик уюмдарга аттуутыюу салынган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдагандай, Сириядагы согушчан топторго кошулгандардын 80 пайызы этникалык өзбектер.

XS
SM
MD
LG