Маалыматка караганда, Мабус кыска мөөнөттүү сапарыныналкагында элчиликтин өкүлдөрү менен жолугушуп, Борбор Азиядагы туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоодогу АКШнын аракеттерин талкуулады.
Ал Американын Түштүк, Африкалык, Борбордук жана Европалык командачылыгы жооптуу болгон аймактарды кыдыруунун алкагында Тажикстанга да келип кеткени кабарланды.