Ссылки доступа

АКШ Тажикстандын тынчтык орнотуу күчтөрүнө жардам берди


Американын Тажикстандагы элчилиги бул мамлекеттин коргоо министрлигинин тынчтык орнотуу күчтөрүнө беш заманбап автоунаа жана бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган окуу классын тапшырды.

Дүйшөмбү шаарындагы белек тапшыруу аземине тажик коргоо министрлигинин жана АКШ элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Маалыматка караганда, көрсөтүлгөн жардамдын өлчөмү 1 миллион доллардан ашат.

Ал эми 2009-жылдан тартып Америка тарабынан Тажикстандын коргоо министрлигине берилген жардам 6,5 миллион долларга жеткен.

XS
SM
MD
LG