Ссылки доступа

Алмата облусунда казак-кытай аскерий окуулар өтүүдө


Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Алмата облусунун Көктал машыгуу талаасында “Түлкүлөргө аңчылык -2015” аттуу казак-кытай аскерлеринин окуулары өтүүдө. Машыгуулар терроризмге каршы күрөшүүгө багытталган.

Окуу 2 бөлүктөн турат. Биринчиси - Кытайдын Синцзян-Уйгур автономдук аймагынын “Корла” окуу борбордун базасында өткөн. Анда аскерлер жасалма террорчуларды өлтүрүү ыкмаларын үйрөнүшкөн.

Окуунун экинчи бөлүгү 5-ноябрда Казакстанда башталды. Эми аскерлер мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу ыкмаларын өздөштүрүүдө.

XS
SM
MD
LG