Ссылки доступа

Кыргыз парламенти бүгүн жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитет


Мындай чечимди Жогорку Кеңеш кечээ жалпы жыйында кабыл алган.

Отурумда депутаттар премьер-министрликке талапкер Темир Сариевге жана өкмөттүн жаңы сунушталган курамына суроолорду беришти.

Өкмөт башчыны жана анын курамын бекитүү 5-ноябрга калган эле. Бүгүнөкмөттүн программасы талкууланып, аларга добуш берилет.

Өкмөттүн жаңы түзүмүндө эки мекеме - Улуттук энергехолдинг жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу холдинги түзүлөт.

Министрликтердин саны 14төн 12ге кыскарат. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин кызмат кылып өзгөртүү пландалууда.

Ал эми Коргоо министрлигин Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитет кылып өзгөртүү каралууда. Ошондой эле мамлекеттик агенттиктердин санын 28ден24кө азайтуу максат кылынып жатат.

XS
SM
MD
LG