Ссылки доступа

Казакстан абадан коргонуу күчүн сынады


Өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн жетекчилиги Талды-Коргон жана Үч-Төбө аскердик бөлүктөрүнүн даярдыгын текшергенин Казакстандын коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын алкагында учкучтар курамынын техникалык даярдыгына байкоо жүргүзүлдү.

Иш-чара өздүк курамдын ар кандай кырдаалдарга даяр экенин аныктоого жана аскер бөлүктөрүнүн коюлган тапшырмаларды аткара ала турганын текшерүүгө багытталды.

XS
SM
MD
LG