Өзбекстанда МамкатчыЖон Керри,өзбек башчысы Ислам Каримов мененжолугушууда чет элдик журналист өлкөдөгү адам укуктары жөнүндө суроо берген.
Видеотасмада көрүнгөндөй, гезиттин кызматкери Каримовдон адам укуктарын коргоо боюнча өлкөдөгү начар кырдаалды АКШ бийлиги сынга алабы, деп кызыккан. Кэрол Морелло өзбек башчысынан: “Сиз суроого жооп бере аласызбы?” деп тактаган. Ошол маалда АКШ жана өзбек атайын кызматтарынын өкүлдөрү журналистти залдан чыгып кетүүгө аргасыз кылган. Кадрдын артында англис тилде сүйлөгөн бир адам: “Чыгарып кеткиле аны” деп буйрук бергени жазылып калган.
АКШ Мамдепартаментинин басма сөз боюнча бөлүмүнүн башчысы Элизабет Трюдо ММКларга маалымдагандай, бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүлөт.