“Радио Свобода” радиосунун Уфадагы корреспонденти Артур Асафьевдин айтымында, Москванын аймактык аскер соту ага “террордукка ачык үгүттөгөн” айыбын коюп жатат.
2012-жылы Роберт Загреев өзүнө таандык Интернет-булактардан башкир оппозициялык саясатчы Айрат Дилмухаметовдун “Акыр заман” аттуу макаласын жарыялаган. Анда айыптоочулардын айтымында, китепте “Орусиядагы бийликти куралдуу күч менен алмаштыруу жана “Башкурдистан” өзүнчө мамлекет түзүү” ураандары жазылган.