Кечээ Орусия Тергөө комитетинин башчысы Владимир Маркин маалымдагандай, алар Шаринаны улутуна карата жек көргөнү үчүн күнөөлөшүп, камакта калтырууну суранышат. Аял 5-жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.
Орусиядагы ПЕН-борбору китепканадагы тинтүүгө наааразы болуп, анын кызматкерлерин куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Анын өкүлдөрүнүн айтымында, мындай кадамдар саясий багыттагы репрессиянын түрү жана коюлган айыптар негизсиз.