Эртең мененки саат ондон баштап, кечки онго чейин укук коргоочулар, коомдук ишмерлер жана Москва тургундары Сталиндин мезгилинде атылгандарды эскерүүдө. Лубянск аянтында алардын эки жарым миң адамдын аты-жөнү, кесиби жана өлүм жазасына тартылган убакыты аталат.
"Ысымдарды кайтаруу" акциясы 2006-жылдан бери өткөрүлүүдө.
Москвада 1936-38-жылдары 30 миң адам атылган. Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү Орусиянын башка шаарларында дагы өтөт.