Бул кабарды Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков HRWнын басылмасына "гезиттин "өрдөгү” жана "такталбаган маалымат" катары баалады.
Нью-Йоркто жайгашкан HRW кечээ Москваны 59 сириялык жарандын өлүмү боюнча иликтөө өткөзүүнү сунуштады. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, Хомс аймагында орус аба соккусунан кийин чоң үй-бүлөнүн 46 мүчөсү мерт кеткен. Алардын арасында 32 жаш бала. Дагы 13 жаран экинчи соккудан кийин каза болду. Бул окуялар 15-октябрда болгон.
Дмитрий Песковдун айтымында, орус аскерлери жарандардын коопсуздугун тактап туруп гана сокку уруп баштайт.