Ал парламенттин эки палаталуулугуна каршы пикирин билдирди.
“Биз мындай мезгилден өткөнбүз. Биз пропорционалдык системага өткөндөн кийин, артка кылчактабай аны өркүндөтүшүбүз керек. Тарых көрсөткөндөй, өлкөдө бир палаталуу парламент болгону эле туура. Кыргызстан – федеративдик эмес, унитардуу мамлекет”-деди ал.
Абдыманап Кутушев парламенттарийлердин кесипкөйлүгүнө басым жасап, айрым демократиялык өлкөлөрдө парламенттин башчылыгына 4-5 жолу депутат болуп шайланган мыйзамчылар гана дайындаларын белгилеп өттү.