Ссылки доступа

Тажикстанда Борбор Азиялык фондулук биржа ачылды (видео)


Дүйшөмбүдө ачылган Борбор Азиялык фондулук биржада Тажикстандын гана эмес дүйнөлүк ишканалардын дагы балуу кагаздары жана акциялары сатыкка чыгарылат. Тажикстан балуу кагаздар рыногун өнүктүрүү максатында жакынкы беш жылда акция жана балуу кагаздарга салык салбайт.

Бул тууралуу фондулук биржанын ачылышында Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Давлатали Саид маалымдады.

Борбордук Азиялык фондулук биржанын Башкы директору Азамат Касымовдун айтымында, биржа өлкөнүн экономикасына инвестиция тартуу максатын көздөйт.

Фондолук биржаны ачууга тажик бийлиги 35 млн. сомони (5 млн. доллар тегерегинде) бөлгөн.

XS
SM
MD
LG