Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министри Надежда Савченконун иши боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүнө каршылык пикиринде билдирди.
Киевдин айтымында, сот айыпталуучунун жактоочуларынын жикчилдерге суроосун чектеп коюп жатат. Украинанын чыгышындагы жикчилдер сотто күбө катары көрсөтмө берүүдө.
Надежда Савченконун иши боюнча соттук отуруму Орусиянын Ростов облусунун Донецк сотунда 22-сентябрда башталган. Украинанын куралдуу күчтөрүнүнүн зардалысы 2014-жылдын июль айында камакка алынган. Ага Орусиянын эки журналисттин "өлтүрүүгө көмөктөшкөн" айыбы коюулууда.