ЕККУнун байкоочу миссиясынын төрагасы Кент Хастеддин айтымында, Беларустагы президенттик шайлоонун жүрүшү демократиянын талаптарына туура келген жок.
“Демократиялык милдеттенмелерин аткаруу үчүн Беларус дагы узак жолду басып өтүш керек”, - деген Хастед добуштарды саноодо бир катар кемчиликтер болгонун белгиледи.
61 жаштагы Лукашенко бешинчи жолу президент болуп шайланды. Ал өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келатат.